Москадагы макулдашылбаган акцияларга катышкан 122 чет өлкөлүк жаранга 40 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынды

Бул жөнүндө бейшемби, 22-апрелде Россия ИИМинин миграция маселелери боюнча борбордук башкармалыгынын башчысы Дмитрий Сергиенко билдирди, деп кабарлайт «Интерфакс». Ал чет өлкөлүктөргө карата тиешелүү чечим «Кирүүнүн, чыгуунун тартиби жөнүндө» 114-федералдык мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кабыл алынганын тактады. Ошол эле учурда ведомствонун өкүлү аталган жарандардын кайсы каршылык иш-чараларына катышкандарын ачыктаган жок. Жакында, 21-апрелде Россияда санкцияланбаган каршылык акциялары болуп өткөн. ИИМдин маалыматы боюнча, Россиянын 29 шаарындагы нааразылык билдирген адамдардын саны 14,4 миӊ адамга жеткен. Ведомство жарандарды макулдашылбаган акцияларга катышуудан баш тартууга чакырды. Ал региондордо коронавирустун пандемиясына байланыштуу чектөө чаралары иштеп жатканын эскертти.
https://lenta.ru/news/2021/04/22/soroklet/