Мигранттын ID-картасы кандай маалыматтарды камтымакчы

Фото: ТАСС / Фадеичев Сергей.

Ойлонулган боюнча, карта 90 күнгө берилмекчи, жана РФтин аймагында жашап турган чет өлкөлүктөрдүн жашоосун жеңилдетүүгө көмөк берет. Мигранттар үчүн ID-карта мамлекеттик кызмат алуулардан колдонууну жана Россиянын аймагындагы башка сервистерден колдонууну жөнөкөйлөштүрүүгө жардам берет. Ошондой эле чет өлкөлүктөргө РФтеги туруусунун мыйзамдуулугун жеэилирээк тастыктоого мүмкүн болот.

«Ал жеке, анын ичинде биометрикалык маалыматтары бар электрондук маалымат алып жүрүүчүнү, аракеттеги статусу, берилген виза жана анын аракетте болуу мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтып турмакчы», – деп айтты Кирилл Адзинов. Аталган демилге Россиянын ИИМ долбооруна шайкеш ишке ашырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча, ар бир мигрант эки тараптуу ID-картага ээ болушу керек, анын алдыңкы бетинде бардык зарыл болгон биринчилик маалыматтар: аты, фамилиясы, атасынын аты, жынысы жана туулган күнү фотосүрөтү менен көрсөтүлмөкчү. Арткы бетинде картанын кармоочусунун жарандыгы тууралуу маалымат, күбөлүк жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жеке маалыматы бар чип жайгаштырылмакчы. Карта 90 күн мөөнөтүнө берилет. Мыйзам күчүнө 29-декабрдан тартып кирет.

https://www.5-tv.ru/news/362595/vmdv-rasskazali-kakie-dannye-budet-soderzat-karta-migranta/