Мигранттардын Россияда узак мөөнөткө болуусу белгилүү бир мөөнөт менен чектелбейт

© Владимир Смирнов/ТАСС

Чет өлкөлүк жарандардын Россияда узак мөөнөткө болуу режими белгилүү бир мөөнөт менен чектелбейт. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын ИИМ миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди. ИИМ чет элдик жарандардын Россияда жүрүүсүнө үч режим – кыска мөөнөт жана узак мөөнөт, ошондой эле туруктуу жашоо режими болорун караган мыйзам долбоорун даярдады. Учурда документ ведомстволор аралык деңгээлде макулдашуу процедураларынан өтүп жатат.

«Мыйзам долбоорунун маанилүү жаңылыгы – бул чет өлкөлүк жаранга конкреттүү мөөнөтсүз узак мөөнөткө турууга укук берүү. Узак убакытка калуу мөөнөтү анын статусунун мөөнөтү менен аныкталат. Мисалы, студент үчүн – окуу мезгили, чет элдик жумушчу үчүн – иштөө мөөнөтү, мамлекеттик программанын катышуучусу үчүн – тиешелүү статус (5 жыл)»,–  деди Казакова. Ал ошондой эле көзөмөлдү ишке ашыруу максатында мыйзам долбоорунда узак мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бир катар милдеттер бекитилет турганын белгиледи.

Источник