Манжа изин тапшырып, медициналык маалымкаттарды алууга болот – борборлор Бишкек жана Ош шаарларында ачылат

Фото: © Sputnik / Максим Блинов.

Бишкек жана Ош шаарларында Россияга иштегени кеткен кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүүчү көп функционалдуу миграциялык борборлор ачыла турганын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Жогорку Кеңештин бир катар фракцияларынын жыйынында билдирди. Бул борборлордо жарандар Россия Федерациясындагы милдеттүү процедураларга убакыт коротпоо үчүн манжа изин тапшырып, медициналык маалымкаттарды ала алышат.

Источник