Мамдума РФтин Эл аралык миграция уюмунун уставына кошулушу жөнүндө мыйзамды кабыл алды

Мамдума шаршембидеги отурумда РФтин Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУнун) уставын кабыл алышы жөнүндө мыйзам үчүн добуш берди. Бул документ Палатанын кароосуна президент Владимир Путин тарабынан киргизилген. Түшүндүрмө материалдарда «азыркы учурда ЭМУ миграциялык проблематикада адистешкен эӊ ири өкмөт аралык түзүм болуп саналары» көрсөтүлгөн, уюм БУУ менен ассоциациялашкан жана аны менен бирге глобалдык тармакта миграция маселелери боюнча жалпы координациялоочу ролду ишке ашырат.
https://tass.ru/politika/10982313