Мамдумада уруксатсыз акцияларга катышуу үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдү РФтин чегинен сырткары чыгарууну сунушташты

Мындай демилге менен Мамдуманын депутаты Евгений Федоров чыкты, ал өз кайрылуусун ИИМдин башчысы Владимир Колокольцевге жолдоду. Катында парламентарий Москвада өткөн акцияларга кайрылат. Мыйзамсыз митингдерге катышуу үчүн кармалгандардын арасында чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандары да болгон. Россиялыктар сыяктуу эле, аларга да жазапул, милдеттүү жумуштар же камакка алынуу өкүм кылынышы мүмкүн. Парламентарий чет өлкөлүктөрдүн мыйзам гана бузбастан, «алар үчүн чоочун өлкөдөгү саясий абалга да таасир этүүгө аракет кылып жатканын» белгиледи. Ушунун негизинде депутат Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар Кодексинин 20.2. пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөнү суранат. Ал акцияларга катышкан чет өлкөлүктөр үчүн жаза аныкталган жаӊы жобону киргизүүнү сунуш кылат. Жазапул, милдеттүү жумуштар же камакка алуу түрүндөгү административдик жазадан тышкары, алар Россия Федерациясынын чегинен сырткары административдик чыгарылууга да тийиш, – деп RT каттын текстин шилтемелейт. Бүгүнкү күндөгү мыйзам боюнча, чыгарылган чет өлкөлүктөр Россияга беш жыл ичинде кайтып келүүгө укуксуз. https://www.kp.ru/online/news/4183572/