Лавров Россия менен Кыргызстан эмгек мигранттарын тартуу боюнча келишимдин үстүндө иштеп жатканын билдирди

Фото: РИА Новости/Пресс-служба МИД РФ

Москва менен Бишкек республиканын жарандарын Россияда иштөөгө уюшкан түрдө тартуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Борбор Азия мамлекеттери менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата бейшемби күнү «Российская газетада» жарыяланган макаласында айтылат. «Биздин өлкөлөр миграцияны жөнгө салуу, тиешелүү мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүдө. 2017-жылы Өзбекстандын жарандарын Россия Федерациясына иштөө үчүн уюшкан түрдө тартуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Ушундай эле келишимге 2019-жылыТажикстан менен кол коюлган, келишим күчүнө кирген. Тийиштүү өкмөттөр аралык документ Кыргызстан менен иштелип жатат»,– деди ал. Лавровдун айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын Россиянын эмгек рыногуна кызыгуусу жогору экени эч кимге жашыруун эмес. «Бул башка нерселер менен катар, аймактагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгү менен визасыз кирип-чыгуу жана тилдик тоскоолдуктун жоктугу менен шартталган»,– деди Россиянын дипломатиялык департаментинин башчысы.

Источник