Кыргыз Республикасы Россияга жүргүнчүлүк темир жол каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады

Фото: РИА Новости/ Игорь Агеенко.

Кыргыз бийлиги россия тарапка өткөн жылы коронавирустук жугуштуу оору пандемиясынан улам токтотулуп калган жүргүнчүлүк темир жол каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз  катчылыгы билдирди.

«Кыргыз тарап чектөөлөрдү алып салуу тууралуу макулдашууга жетишиле турган учурда Россия Федерациясына жүрүүчү темир жол рейстеринин графигин сунуштады. Жүргүнчүлөр поездин Бишкек – Москва маршруту боюнча жумасына эки жолу, Бишкек — Казань маршруту боюнча жумасына бир жолу, Бишкек — Новосибирск маршруту боюнча сегиз күндө бир ирет жөнөтүү пландаштырылууда», — деп айтты басма сөз кызматынын өкүлү.

https://tass.ru/ekonomika/12785557