Кыргызстан Россиядан мигранттарды медициналык кароодон өткөрүүнү жеңилдетүүнү суранды

Текст: Елена Мирошниченко  Фото: пресс-служба ГУ МВД России по Московской области

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар үчүн 2021-жылдын 29-декабрынан тарта милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн өзүнчө коридор ачууну суранганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. РИА «Новости» маалымат кызматынан билдиришкендей, жыл башынан бери Кыргызстандын жарандарына жогоруда аталган процедуралардан өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Учурда Москвада жана Москва облусунда жүргөн кыргызстандыктар үчүн бардык милдеттүү процедуралар көп функциялуу миграциялык борборлордо жүргүзүлүүдө, ал жерлерде узун кезектер байкалууда.

«2022-жылдын 17-февралында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандары үчүн Россиянын ыйгарым укуктуу мекемелеринде жана анын ичинде «Сахарово» миграциялык борборунда медициналык кароодон өткөрүү, дактилоскопиялык каттоо жана сүрөткө тартуу үчүн өзүнчө коридор ачууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин нотасы жөнөтүлгөн», деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү. Ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилиги «Россия мыйзамына ылайык медициналык кароодон өтүү, дактилоскопиялык каттоо процедурасын жөнгө салуу жана жөнөкөйлөтүү боюнча Россия тарап менен тынымсыз иш алып барышууда» деп белгиледи.

Источник