Кыргызстандын мамлекеттик банктарына Россияда филиалдарын ачуу тапшырылды

Фото : Табылды Кадырбеков / Sputnik/ РИА Новости.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров республикалык банктарга Россияда филиалдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн миграция темасына арналган форумда билдирди. Акылбек Жапаров иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө төмөндөгү цифраларды келтирди: Россия Федерациясында иштеген кыргызстандыктар кирешесинин үчтөн бир бөлүгүн мекенине жөнөтүшөт, үчтөн бир бөлүгүн батирди ижарага алууга, тамак-ашка жана кийим-кечеге жумшашат, калганын Россия Федерациясынын банктарында сакталат. «Өткөн жылы мигранттар республикага эки миллиард сомдон ашык акча которгон. Дагы ошончо сумманы алар чет элдик финансы-кредиттик мекемелеринин депозиттеринде сакташат. Бул каражатты өлкөнүн кызыкчылыгына жумшаса болот»,– деди Акылбек Жапаров.

Источник