Кыргызстанда 2022-жылы Россиянын миграциялык борборлору ачылышы мүмкүн

Фото: МЦ «Сахарово»

Москвадагы көп функционалдуу «Сахарово» миграциялык борбору сыяктуу Россия Федерациясынын миграциялык борборлору Бишкек жана Ош шаарларында 2022-жылдын жай айларына чейин ачылышы мүмкүн. Бул мекемелер Россия Федерациясына барган кыргызстандыктар үчүн, ишке орношуу максатында өтө маанилүү. Эмне үчүн? Быйылкы жылы РФ миграциялык борборлору Бишкек жана Ош шаарларында пайда болушу керек. Бул жөнүндө Орусия менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн акыркы жолугушууларында сөз болгон. Маселен, эки өлкөнүн парламенттеринин төрагалары Талант Мамытов менен Вячеслав Володиндин жакында болгон сүйлөшүүлөрүндө учурдагы тема талкууланып, орус тараптан оң жооп алынды. Мындай жайлардын Кыргызстанда 2022-жылдын жай айларына чейин ачылышы мүмкүн экендиги КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиевдин Орусияга болгон иш сапарынан кийин белгилүү болду. Ал Москвадагы көп функционалдуу “Сахарово” миграциялык борборунда болуп, ага чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуу процедурасынан кантип өтүп жатканын көрсөтүштү. Тышкы иштер министрлигинен «РГ»нын кабарчысына маалымдалгандай, Кыргызстанда РФнын миграциялык борборлорун (МБ) ачуу боюнча консультацияларды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Источник