Кызматкер-мигранттарды окутуу жана интеграциялоо: жумуш берүүчүлөр арасындагы жаңы тренд

Фото: РИА Новости/Рамиль Ситдиков.

Москвада жайгашкан «Фуд Сити» агрокластеринин кызматкерлери мигранттар үчүн тилдик жана интеграциялык сабактарды өткөрүү демилгеси менен чыгышты. Базардын басма кызматы маалымдагандай, курстардын башкы темасы болуп россия маданиятын жана салт-санааларынын негиздерин, ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын менталитетин изилдөө болуп калды. Ошондой эле курстарда чет өлкөлүк кызматкерлер тьюторлор менен орус тилинин грамматикасынын өзгөчөлүгүн талкууга алышып, Россиядагы баарлашуу маданиятынын эрежелерин жана ченемдерин изилдешет. Сабактардын программасы мигранттардын кесиптик милдеттенмелерин эске алуу менен түзүлгөн. Курстарды «Фуд Ситинин» бир нече: РФ мыйзамдары, кеп маданияты, орус тили, коопсуздук техникасы ж.б.у.с багыттар боюнча педагогикалык даярдыктан өтүшкөн кызматкерлери өткөрүшөт. Белгилей кетүү керек, бул россия компанияларынын жана ишкерлердин эмгек мигранттарынын билими жана интеграциялануусу менен алектенүүдөгү алгачкы эле аракети эмес. MEDIA-MIG 2021-жылдын май айында эле жазып чыккандай, Delivery Club, Россиядагы продукттарды ташып жеткирүүнүн ири сервиси КБ Стрелка консалтинг компаниясы менен биргеликте орус, кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде велокурьерлерди жол кыймылынын эрежелерине окутуу боюнча программаны ишке киргизишкен эле.

https://media-mig.ru/business/obuchenie-i-integracija-sotrudnikov-migrantov-novyj-trend-sredi-rabotodatelej/