Искусство бириктирет: миграциялык тажрыйбасы бар адамдар Москвада жаӊы кесипти өздөштүрүшөт

Сергей Филимонов/Фото: © МЕДИА-МИГ/Сергей Филимонов.

«Гараж» – өлкөнүн эӊ жаш музейлеринин бири, бирок керек десе өз жашоосунун жетишерлик кыска мезгили ичинде да – мейкиндик 2008-жылдан бери иштейт – азыркы искусство менен маданияттын инфратүзүмүн түзүүчү жана калыбына келтирүүчү институциянын беделине жана макамына ээ болду. Бул музейде бардыгы эле көргөзмөлөрдүн айланасында курулбайт, ал эми агартуучулук, басып чыгаруучулук, изилдөөчүлүк жана инклюзивдүү долбоорлор чоӊ мааниге ээ болушат дегенди билдирет. Инклюзивдүү долбоорлордун мисалдарынын бири миграциялык тажрыйбасы бар экскурсоводдорду даярдоо программасы болуп саналат, анын жыйынтыктары боюнча катышуучулар шаардын маданий институцияларында эне тилинде өз алдынча турларды өткөрүү үчүн билимдерди жана көндүмдөрдү алышат. «МЕДИА-МИГ» басылмасынын журналисти, башка өлкөлөрдөн келген мигранттар шаардын турмушундагы өзүнүн орду жөнүндө шаблонду кантип сындырышарын көрүү үчүн курстун алкагында Горький паркы боюнча сейилдөө формасында кыргыз тилине которуу менен болуп өтүүчү иш-чаралардын бирине кошулду

Источник