Ири курулушчуларга Москвага эмгек мигранттарын алып кирүүгө уруксат берилди

Федералдык деӊгээлде чет өлкөлүк адистерди тартуунун убактылуу алгоритми бекитилди. Бул жөнүндө Москванын мэринин расмий сайты кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө Москва шаарынын экономика жана шаарды өнүктүрүү департаменти борбордун
инвесторлору жана ири курулушчулары менен курулуш объектилерине эмгек мигранттарын тартуу механизмин талкуулады. Мигранттарды жалдоого жол берүүчү негизги критерийлер болуп курулушчу-компаниянын штатында 250 кызматкердин болушу, карыздарынын болбошу жанан 2 миллиард рублдан ашык рубль жылдык түшкөн акча эсептелет. Чет өлкөлүктөр эмгек мигранттары үчүн иш камсыз кылуунун дагы бир маанилүү фактору болуп алар үчүн учурдагы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен эмгек мигранттарынын жашоо шарттарын камсыз кылуу эсептелет. Ошондой эле расмий эмгекке орношуу жана курулуш долбоорлору аяктагандан кийин чет өлкөлүктөрдү туруктуу жашоо өлкөлөрүнө узатууну уюштуруу зарыл.
https://readovka.ru/news/71355?utm_source=yandex-news