ИИМ чет элдиктерди коомдук тартипти бузгандыгы үчүн өлкөдөн кетире баштайт

Фото: Антон Новодережкин / ТАСС.

ИИМ одоно административдик укук бузууларды жасаган чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине ИИМ миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди.

«РФ Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине чет элдиктерге карата одоно административдик укук бузууларды, анын ичинде коомдук тартипти бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгаруу түрүндөгү жоопкерчиликти киргизүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда»,– деди ал. Бул жаңычылдык, Казакованын айтымында, чет элдиктердин Россияда жүрүүсүн көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштин уландысы. Ал белгилегендей, миграциялык мыйзамдарды комплекстүү реформалоонун алкагында министрлик чет өлкөлүк жарандар үчүн аларды идентификациялоону камсыз кылган бирдиктүү электрондук документти киргизүүнү пландаштырууда.

Источник