ИИМ РФте мигранттардын балдарынын туруу мөөнөттөрүн узартуу тууралуу мыйзамга түзөтүүлөрдү даярдай баштады

Фото: © pixabay.com.

ИИМ россиянын жождорунда окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин, ошондой эле эмгек мигранттарынын балдары үчүн Россияда убактылуу туруу мөөнөтүн узартуу маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришти. Мыйзам долбоорун даярдоо жөнүндө тийиштүү билдирүү ченемдик укуктук акттардын долбоорлорунун федералдык порталында жайгаштырылган.

«Федералдык мыйзамдын [«РФтеги чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө»] 5-бер. РФте россиялык билим берүү уюмдарында окуп жатышкан чет өлкөлүк студенттердин, патенттин негизинде эмгек ишмердигин жүзөгө ашырышкан чет өлкөлүк жарандардын балдарынын, жана чет өлкөлүк жарандардын (анын ичинде жашы жете электердин), убактылуу жашап турууга карата уруксат берүү тууралуу арыздарын кароо мезгилине карата убактылуу туруу мөөнөтүн узартуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы бар болууда», — деп маалымдалат билдирүүдө.

https://tass.ru/obschestvo/12759033