ИИМ мигранттар үчүн убактылуу жашап турууга убактылуу уруксатты жокко чыгарууну сунуш кылды

РФтин ички иштер министрлиги мигранттардын Россияда жашап туруу эрежелерин өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, жашап турууга убактылуу уруксат тариздөөдөн баш тартууну сунуш кылды. Адатта мындай документ чет өлкөлүктөргө россиялык аймакта үч жылдын ичинде жашоого жана эмгектенүүгө мүмкүндүк берет. Мунун ордуна ИИМ Россияда жашап туруунун жаӊы үч миграциялык режим карап чыккан: кыска мөөнөттүү жашап туруу режими – календарлык жыл ичинде 90 күндөн ашык эмес, узак мөөнөттүү жашап туруу режими – 90 күндөн ашык, бирок туруктуу жашоого уруксат алуусуз, ошондой эле туруктуу жашоо режими, ал мөөнөтсүз иштейт.

https://www.ridus.ru/news/357816