ИИМ массалык мушташка катышкан мигранттарга Россияга кирүүгө тыюу салат

ИИМ массалык мушташка катышкан чет өлкөлүктөрдү Россиядан чыгарат жана кирүүгө тыюу салат, деп кабарлады ТАССка министрликтин басма сөз кызматында. Анын маалыматы боюнча, кагылыштар Амур, Москва жана Свердлов облустарында, Дагестан Республикасында, Москвада жана Санкт-Петербургда байкалган. Ошол эле учурда мушташтардын жүрүшүндө адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы күч колдонулган, унаалардын кыймылы токтотулган. Кармалган чет өлкөлүктөр 15 күнгө камалды, аларга Россияга кирүүгө тыюу салынат. Эгер алар өлкөнүн аймагынан өз алдынча чыгып кетишпесе, күч менен чыгарылат. Чет өлкөлүктөрдүн арасындагы акыркы жылдардагы эӊ ири мушташтардын бири борбордун «Кузьминка» метросунун жанында 13-июлдун түнүндө болуп өткөн. Ар кандай маалыматтар боюнча, ага 200гө чейин киши катышкан, алардын 45и 15 күнгө камалган. Конфликттин 103 катышуучусу депортацияланды.

http://radiovesti.ru/news/2593806/