Изилдөө: мигранттардын кирешелери орус тилин билүүсүнөн көз каранды

Россиядагы мигранттардын эмгек акыларынын деңгээли орус тилин билүүсүнөн көз каранды болот. Бул тууралуу Россиянын мигранттар Федерациясынын президенти Вадим Коженов Москвадагы пресс-конференциядан маалымдады. Бул байланышты Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келишкен дээрлик 5 миң эмгек мигранттарынын арасында жүргүзүлгөн изилдөө көрсөтө алган. «Адамдар кирешелеринен 40%га айырмалана тургандыгы көрүндү. Башкача айтканда, орус тилин начар билгендер, орто эсеп менен 37 миң рубль иштеп табышат, ал эми, орус тилин жакшы билем деп айткандар болсо, орто эсеп менен 49 миң рубльден иштеп таба алышат экен», — деп айтты Коженов.

https://regnum.ru/news/3446469.html