Гастарбайтерлерди сүйлөшүүгө чакырышат. Мигранттарды ыӊгайлаштыруу тажрыйбасын кеӊири жайылтууга үмүт кылышат

Екатерина Трифонова / Фото:@mvremya.ru/ Эльвира Юнусова.

Россияда мигранттарды ыӊгайлаштыруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясат азырынча иштелип чыга элек. Мигранттар эӊ көп тартылган аймактарда келечекте «Көп улуттуу Москва – чыр-чатаксыз аймак» борбор калаа долбоорунун аналогдору пайда болушу мүмкүн. Анын жаӊылыгы чет элдик жарандарды (ЧЖ) Россияда ыӊгайлаштыруу боюнча чаралардын бири катары чиновниктердин гастарбайтерлер менен тематикалык жолугушуулары болуп саналат. Бул ыӊгайлаштыруунун өзү керек болсо укук коргоочулук көзөмөл менен салыштырганда да артыкчылыктуу болгон этнос аралык чыӊалуунун алдын алуунун негизги шайманы болууга чакырылган. Эксперттер бул жерде азырынча, тилекке каршы, бирдиктүү мамлекеттик саясат иштелип чыкпагандыгын көрсөтүштү. Аймактардын конкреттүү чечимдери болсо жалпысынан легалдашкан келгиндерге багытталган, ал эми көпчүлүк көйгөйлөр нелегалдар менен көбүрөөк байланышкан. Этнос аралык карама-каршылыктарды минималдаштыруу үчүн укук коргоочулардын күч-аракеттери гана эмес, жарандык өз ара мамилелер деӊгээлиндеги уланмалуу түшүндүрүү иши да керек. «НГга» белгилүү болгондой, ушундай долбоорлордун бирин, дал азыр Москва шаарынын 2025-жылга чейинки мезгилге Улуттук саясат стратегиясына ылайык ишке ашырып жатышат. Гастарбайтерлер полициядан баштап, келгиндерди жумушка жалдашкан райондук өкмөттөрдүн жетекчилерине чейин, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жекече маектеше алышат. Мындай жолугушууларга ЧЖдын көйгөйлөрүнүн үстүнөн иштешкен коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышышат

Источник