Бишкек Москвадан Россиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүнө жардам кылууну өтүндү

Фото: president.kg.

Кыргызстандын Коопсуздук кеӊешинин катчысы Марат Иманкулов 2022-жылдын 18-октябрында Россия Федерациясынын Коопсуздук кеӊешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолукту, аны менен аймактык коопсуздук маселелерин талкуулады. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы актуалдуу кырдаалды да карашты, деп билдирет Кыргызстандын башчысынын пресс-кызматы. Иманкулов Россиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлүү маселелерин козгоп, миграциялык эсепке коюу жол-жобосун өркүндөтүү, Кыргызстандын жарандарын легалдаштырууга жолтоо болгон себептерди четтетүүгө, ошондой эле алардын укуктук макамын жөнгө салууга россиялык тараптын көмөктөшүүсү зарылдыгы жөнүндө айтты.

Источник