Баңгизатка көз карандылыктын жоктугу жана Вич-инфекциясы жок экендиги тууралуу маалымкаттар чет элдиктердин Россияга келиши үчүн милдеттүү болуп калат

Фото: РИА Новости/Евгений Епанчинцев.

Мигранттарды баңгизатка көз карандылыктын жана ВИЧ-инфекциянын жоктугу жөнүндө маалымкат берүүгө милдеттендирет. Тиешелүү буйруктун долбоору Россиянын ИИМ тарабынан даярдалган. 2021-жылдын 29-декабрынан тарта Россиянын ИИМ буйругу күчүнө кирет, ага ылайык Россиянын аймагына 90 күндөн ашык мөөнөткө келген чет элдиктер жана эмгек мигранттары, Россияга иштөө үчүн келгендерге гана эмес, ошондой эле башка себептер менен өлкөгө келгендер дагы ИИМ аймактык органына баңгизатка көз карандылыктын жана Вич-инфекциянын жоктугу тууралуу маалыматтарды тапшырышы керек. Москва өкмөтүнүн алдындагы улуттар иштери боюнча кеңештин комиссиясынын төрагасы, Эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча «Жакшы коңшулук» фондунун долбоордук директору Юрий Московскийдин пикири боюнча, мындай чараларды киргизүү негиздүү. Ал мындай эреже 15 жыл мурун пайда болушу керек болчу деп эсептейт.

Источник